Өлкө аймагындагы ашуулар ачык, айылга каттаган жүргүнчүлөр арбын

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бишкек шаарынан облустарга кеткен жүргүнчүлөрдүн саны арбын болууда. Муну айдоочулар Жаңы жыл майрамына байланыштырды.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы ашуу жолдору ачык экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, автожолдор өткөн ашуулар ачык, эч кандай тоскоолдуктар жок. Бишкек – Ош автожолундагы "Төө-Ашуунун" жолдоруна кум, туз себилип, айрым участкалардагы кар күрткүлөрү тазаланууда. 

Жаңы жылдын түнү аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти
Бишкек – Нарын автожолундагы "Долон" ашуусунда каттамдарга, жүргүнчүлөргө эч кандай тоскоолдуктар жок. 

"Кыргызгидрометтен" маалымдашкандай, 31-декабрда өлкө аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Учурда Бишкек шаарынан облустарга кеткен жүргүнчүлөрдүн саны арбын болууда. Муну айдоочулар Жаңы жыл майрамына байланыштырды. 

Майрам күнүн утурлай, Бишкектеги Батыш автовокзалынан аймактарга каттаган автобустардын баасы өзгөрбөгөнүн билдиришти. Автобустардын баасы 270 сомдон 1200 сомго чейин.

Бишкек шаарынын облустардын борборуна болгон автобус баасы төмөнкүдөй:

  • Бишкек – Нарын – 270 сом,
  • Бишкек – Каракол – 320 сом,
  • Бишкек – Талас – 360 сом,
  • Бишкек – Жалал-Абад – 800 сом,
  • Бишкек – Ош – 900 сом,
  • Бишкек – Баткен 1200 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0