Интернеттин эркиндиги боюнча Кыргызстан 35-орунду ээледи

Жазылуу
Жүргүзүлгөн изилдөөгө 88 мамлекет катышкан. Интернеттин эркиндиги 100 баллдык көрсөткүч менен бааланган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстан Интернеттин эркиндигин баалаган индексте 35 орунду ээлегенин Улуттук стратегиялык изилдөө институту билдирди.

Кредит банкынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Moody's жана S&P биринчи жолу Кыргызстанга көз карандысыз кредиттик рейтинг берди
Маалыматка ылайык, мындай иликтөө 2011-жылдан бери Freedom House уюму тарабынан эксперттик баалоонун негизинде өткөрүлүп келет. 

Интернеттин эркиндиги 100 баллдык көрсөткүч менен өлчөнөт. Мында бардык мамлекеттер шарттуу түрдө эркин Интернет пайдалануучу (0-30 балл), орто эркиндиктеги Интернетти пайдалануучу (31-60 балл) жана чектелген Интернет пайдалануучу (61-100 балл) болуп үчкө бөлүнгөн.

Кыргызстан 35 балл менен орточо эркиндиктеги Интернет пайдалануучу өлкөгө кирди. Мурунку СССР республикаларынын ичинен өлкөдөн Армения — 16-орун, Грузия — 10-орун жана Эстония — 2-орунду ээлеп озуп кетишкен.

Биринчи орунду 6 балл менен Исландия камсыздаса, 88 баллга ээ болгон Кытай тизмени жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0