Кыргызстанда 5 жылдын ичинде жакырчылык 4,5 эсеге азайган

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНан кармаган кемпир. Архив
Нан кармаган кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык өнүгүү министрлиги акыркы беш жылдын аралыгында жакыр адамдардын саны төрт пайызга кыскарганын белгилейт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чекке жеткен жакырчылык 4,5 эсеге азайганын Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, эгер мындан беш жыл мурун калктын 5,3 пайызы жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 1,2 пайызды түзгөн. Чекке жеткен жакырчылык бул мезгил аралыгында 1 миң 466 сом деп белгиленди.

Выдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Белдиктер 150 баланын пособиеден куру калгандыгына нааразы болуп жатышат
Муну менен бирге жакырчылыктын чегинен өтүп жашаган кыргызстандыктардын саны 33,7 пайыздан 30,6 пайызга чейин кыскарган. Учурда бул чек 2 миң 485 сомго бааланууда.

Министрлик мында жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк берген кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) көлөмү жогорулаганын белгилейт. Эгер үй-бүлөнүн кирешеси анын бир мүчөсүнө тийиштүү 2 миң 485 сомдон төмөн болсо, анда ал мамлекеттен жөлөк пул алууга акылуу болот.

Беш жылдын ичинде КМК — 370 сомдон 810 сомго чейин эки эсеге көбөйдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0