БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылы өлкө аймагына эки миллион көчөт тигүү тапшырмасын берди.
Бүгүн өкмөт башчы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Сабиржан Атажанов менен Мамлекеттик резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабековду кабыл алды.
Сариев өлкөдөгү токой аянттарын көбөйтүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү зарылдыгын билдирди.
"Өлкөбүз үчүн токойлордун мааниси абдан чоң. Алардын аянтын көбөйтүү жана экологияга кам көрүү боюнча кыска аралыкта кескин чараларды көрүү керек. Бул жаатта жакшы аракеттер көрүлбөй жатат. Агенттик көчөттөрдү тигүүнү пландаштыруусу керек", — деди премьер-министр.
Муну менен катар Сариев токойлорду сактоо жаатында мыйзамсыз кыюуларга тыюу салуу үчүн токой чарба кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү жана көзөмөлдү жакшыртуу маселесин көтөрдү.
Ал эми мамлекеттик резервдер фондунун төрагасына мамлекеттин ар кырдаалга даяр турушу үчүн жаңы тажрыйбаларды колдонуу менен фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу тапшырмасы берилди.