Депутаттар бул аптада бюджет, маданият боюнча мыйзам долбоорлорун талкуулайт

Жазылуу
Парламентарийлердин кароосуна коюлуучу мыйзамдар ЖКнын Координациялык кеӊешинин өткөн аптадагы жыйынында бекитилген.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бул аптадагы жыйынында 2015-жылдын республикалык бюджетин жана 2016-2017-жылдарга жасалган божомолу боюнча мыйзам долбоорун карайт.

Айкелдеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар маркумду узатуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады
Андан сырткары 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышын талкуулайт. Булар менен катар эле салыктык эмес төлөмдөр, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу, билим берүү, маданият тармагы боюнча мыйзам долбоорлору парламентарийлердин кароосуна коюлат.

Парламентарийлердин кароосуна 16-17-декабрда коюлуучу мыйзамдар ЖКнын Координациялык кеӊешинин өткөн аптадагы жыйынында бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0