Декабрдан тарта Кыргызстанда 14 жолу жер титиреди

Жазылуу
Негизинен жердин силкинүүсү күнүгө катталып турат, кыштын алгачкы айында эле алардын саны ондон ашкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстанда декабрь айынан бери 14 ирет жер титирегенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк күч алып, жер титирөөнүн саны көбөйдү. 18-ноябрга караган түнү очогу республиканын түштүк аймагында жайгашкан бир нече жер титирөө болгон. Мындан улам жүздөгөн турак жайлар жараксыз абалга келип, көптөгөн үй-бүлөлөр баш паанасыз калышкан.

Бул айда жер титирөө байма-бай болууда. Бүгүнкү күнгө карата алардын саны 14кө жетти. Кечээ эле эки жер титирөө катталды. Баарынан көп 7-декабрь күнү жер титирөө болду — 9 ирет жер силкинип, анын алтоосунун күчү 5 баллдан жогору болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0