Кыргызстандыктар электр энергиясын үнөмдөп башташты

Жазылуу
Түндүк аймактардын жашоочулары электр энергиясын белгиленген көлөмдөн аз пайдаланганы аныкталды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын апрель-ноябрь айларынын аралыгында кыргызстандыктар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышканын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мөөнөт ичинде Бишкектин тургундары электр энергиясын 56,2 миллион киловатт-саат же пландаштырылгандан 3,98 пайызга үнөмдөөгө жетишкен. Чүй облусунда бул көрсөткүч 1,8 пайызды түзсө, таластыктар электр энергиясын 3,13 пайызга аз сарпташкан.

Жыл башынан бери ишкана тарабынын чогултулган төлөмдүн көлөмү 5 миллиард 672 миллион сомду түзгөн. Ал эми аймактар боюнча бишкектиктер электр энергиясы үчүн белгиленген жалпы сумманын 96,22 пайызын төлөсө, Чүй облусунда бул көрсөткүч 98,1 жана Таласта 97,08 пайызды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0