Кыргызстандын 19 шаарында таза суу менен камсыздоо системасы курулат

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүСуу түтүгүн куруу. Архив
Суу түтүгүн куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичүүчү суу менен камсыздоочу долбоорду ишке ашырууга 173 миллион евро инвестиция тартылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Республиканын 19 шаарында таза суу менен камсыздоо системасы курулуп жана калыбына келтирилип жатканын биринчи вице-премьер Аалы Карашев Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев суу менен электр энергиясын туура пайдаланууну тапшырды
Анын айтымында, аталган долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү жана Европа биримдиги колдоо көрсөтүп, аны ишке ашырууга 173,1 миллион евро инвестиция каралган. 

Карашев Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жардам берип, бир катар ири долбоорлорду жүзөгө ашырып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0