Россияда издөөгө алынган киллер Чүй облусунда кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишенчен кылмышкер. Архив
Кол кишенчен кылмышкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал атайын тапшырык менен Россиянын Тюмень шаарындагы ишкерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, издөөгө алынган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын аймагында тапшырык менен киши өлтүрдү делип, издөөдө жүргөн киши Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Бишкекте төрөлгөн 38 жаштагы Казакстандын тургуну Денис Кошкиндин жашынган жерин аныкташкан. Ал буга чейин эки жолу соттолуп, эл аралык издөөгө алынган.

© пресс-служба МВДИздөөдө жүрүп кармалган Денис Кошкин
Задержан разыскиваемый Кошкин Денис Викторович - Sputnik Кыргызстан
Издөөдө жүрүп кармалган Денис Кошкин

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал Чүй облусунун Сокулук районунан кармалган.

2007-жылы ал өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси боюнча Россиянын Ички иштер министрлининин Тюмень шаарындагы башкармалыгы тарабынан издөөгө алынган.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
1998-жылы эки белгисиз киши Тюмень шаарындагы бизнесменге бычак менен кол салып, 50гө жакын жолу сайышкан. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Тергөөчүлөр бул кол салуу атайын тапышырык менен болгонун аныкташкан. Кылмышкерлер ишкерди үйүнүн алдынан күтүп туруп, ал үйдөн чыгып ары басканда кол салышкан. Аны өлтүрүүгө ишкердин аялы тапшырык бергени тергөө учурунда белгилүү болгон. Аталган кылмыш ишине Бишкек шаарында төрөлгөн 38 жаштагы Денис Кошкинда шектелген. Ал шериги менен бул иши үчүн 5 миң доллар акча алышкан.

Бул кылмыш ишине тийиштиги барлар жазасын алышкан бирок, Кошкин изин жашырып карматпай кеткен. 

Ошондой эле, Кошкин Кыргызстандын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан №44 турак-колониядан 2007-жылы качып кетүү фактысы боюнча издөөгө алынып, кылмыш иши козголгон. Ал уурулук жана башка кылмыштары үчүн соттолгон. Жаза өтөө мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин турак-колонияга которулган. Кошкин ал жактан качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0