Канада Кыргызстанга климаттын ысык-суугуна көнүшүүгө жардам берет

Жазылуу
Элчиси Шон Стайл Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баа берип, жаңы технологиялардын колдонулушуна көңүл бурду.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Канада Кыргызстанга климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам бере турганын аталган өлкөнүн элчиси Шон Стайл ТИМ башчысынын орун басары Динара Кемелова менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Париждеги конференцияда Кыргызстан жаңы климаттык келишимди кабыл алууга чакырды
Жолугушуунун алкагында Кемелова Стайлды Канададагы шайлоонун өтүшү жана жаңы өкмөттүн куралышы менен куттуктады. Өз кезегинде элчи Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баа берип, жаңы өкмөттүн тышкы саясат боюнча багыттары тууралуу айтып берди.

Иш-чарада учурда актуалдуу маселелердин бири болгон климаттын өзгөрүүсү боюнча талкуу жүрдү. Стайл Борбордук Азия, негизинен Кыргызстанга аталган маселени жөнгө салып, ыңгайлашууга көмөк көрсөтө турганын белгиледи.

Эки тарап Кыргызстан менен Канаданын мындан кийинки кызматташуусунун зарылдыгын айтып өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0