Кыргыз адвокаттарынын кесиптик практикасынан алынган кызыктуу окуялар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТескерисинен жайгаштырылган батир. Архив
Тескерисинен жайгаштырылган батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик юристтер аялдын сырткы келбетин бурмалап көрсөтчү күзгү, коргоосуз калган адвокат жана Кыргызстанда бизнестин кунарын кантип кетиришери жөнүндө айтып беришти.

Sputnik кабарчысы жарандардын укугун коргоочу бишкектик юристтер менен маектешип, алардын ишиндеги кызыктуу жана жүрөктүн үшүн алгыдай окуялар жөнүндө билип кайтты. 

Кыйшык күзгү

Тигүүчү жумуш ордунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айды алып беребиз дегендерге алданган тикмечилер кулчулуктан кантип кутулду
2012-жылы Бишкектин эмерек дүкөндөрүнүн биринде М. атуу айым 10 миң сомдон ашык турган күзгү сатып алат. Бир аздан кийин ал айым жаңы күзгү анын келбетин бурмалап көрсөтүп жатат деген дооматын коёт. Соода-өнөр жай палатасынын көз карандысыз экспертизасы күзгү чынында эле стандартка туура келбестигин аныктап, сатып алуучу дүкөндүн сатуучусун сотко берет. Эки жылга созулган сот териштирүүсү, адвокаттын телефон чалуулары айымдын ушунча шайын кетиргендиктен, ал сот отурумдарынын бирине барбай коёт да, иш анын пайдасына чечилбей калат. 

Муздаткычтын өтө эле катуу үнү

Н. аттуу жаран жаңы эле сатып алган муздаткычына даттанып, адвокатка кайрылат. Ал ушунча катуу дүрүлдөп иштегендиктен, айымдын уйкусун алып, ал күндө уктарда валерианка ичкенге аргасыз болуп калыптыр. Санэпидстанциядан келген текшерүүчүлөр жарандын нааразылыгы негизсиз, муздаткыч бардык техникалык ченемдерге туура келет деп жыйынтык чыгарган. Сот болгон эмес, моралдык жана материалдык зыян да төлөнүп берилбептир.

Кир жуугуч машинадан алынган күйүк

Кир жуугуч машина — татаал техникалык товар. Аны кайтарып берүү же алмаштыруу дээрлик мүмкүн эмес. Бирок бишкектик айым муну эске албаптыр. Ал адвокатка машинаны алмаштырып же акчасын кайтарып алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылат. Аялдын айтымында, кир жуугуч машина иштеп жатканда ушунчалык катуу ысыгандыктан, ал колун бр неч ежолу күйгүзүп алган. Бирок тейлөө борборунун адиси жана адвокат келип текшергенде, аялдын айтканы ырасталган эмес. Андан ары эмне болгону белгисиз.

Адвокаттын лицензиясын адвокатсыз эле кантип алып коюшкан

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чөнтөккө 16 млн. сомду салып койгон эсепчилердин иши сотко өттү
Мамлекеттик коргоочу өзү лицензиясыз калганын кокустан эле билген. 2014-жылы августта ал адатынча сот отурумуна келсе, аны лицензияң жок деп киргизбей коюшат. 

Лицензиясынан ажыратуу жөнүндө сотко адвокат мырзанын өзүн чакырышкан эмес. Ал эми квалификациялык комиссиянын төрагасынын резолюциясында: "иш доочу менен адвокаты жок каралсын" деген укмуш жазылган. 

Эки жыл чуркап жүрүп, араң дегенде Жогорку соттун ишти кайра кароого жиберишине жетишкен. Быйыл сентябрда болсо лицензия ээсине кайтарылган. Адвокат эми моралдык жана материалдык зыянды төлөтүп алуу үчүн арыз берди. 

Балекеттен арылбаган британиялык Кыргызстанда

Былтыр октябрда Улуу Британиянын А. Аттуу жаранына кол салышкан. Таламандын чак түшүндө аны Макаров тапанчасы менен атып, кыз акырегине жана башына ок жеген. Кудай сактап, аман калыптыр. 

Бирок чет элдиктин жолсуз окуясы Кыргызстанда мындан бир топ мурда башталган.

Жарым миллион долларлык мурастын ээси, британиялык жарана Кыргызстанга мыйзамдуу ишкердик жүргүзгөнгө эң жеңил, эч кандай коркунуч жок өлкө деп келген. 2007-жылы ал айыл жеринен үч гектар жер сатып алып, дан куурай жана кара бүлдүркөн өстүрүп, аары кармоону чечет. Эч бир тикенсиз, жемиштүү – укмуш сонун көчөттөрдү сатып алат. Дал ушул жерден балакеттин баары башталып, ал да дайыма эле алданып калчу туристтин кейпин кийип калат. 

Акча алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Банктар аркылуу жасалган алдамчылыктан мамлекетке 2 млн. сом зыян келтирилген
Жерди 2000-жылдар үчүн өтө кымбат баада — 100 миң долларга сатып жиберишет (йыл чарба багытындагы бир гектар 33,3 миң долларга бааланган!). Сыйкырдуу көчөттөрдү саткан алдамчылар жөнүндө тарых үн катпайт.

Өзүнүн макоолугунанбы же ишенчээктигиненби, иши кылып ал сатып алгандарын М. аттуу жаңы таанышынын аялына каттатып коёт. Ал азыр өлкөдөн качып кеткен ашынган алдамчы болуп чыкты кол салганга чейин британиялык жер ээлиги жөнүндө ишеним катты ага кайтарып беришет деп ишенген болчу. 

Андан ары баары жомоктогудай. Ишкердиктен алгачкы киреше түшө баштаганда эле рейдерлер, алдым-жуттум калпычылар, нааразы болгон жегиликтүү эл, коллекторлор жаандан кийинки козу карындай эле жайнап чыга келишет. 

Беш жылга созулган мындай окуялардан кийин ал куру кол калып, ден соолугунан да ажырайт. Бирок анын иши эмдигиче жабыла элек. Азыр ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ага Уюшулган кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын жана Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери кирген. Рейдерчилик, алдамчылык, кол салуу, жашаган жеринен чыгарып салуу жөнүндө арыз, келишимди мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арыз – баары бир ишке топтолгон…

Жаңылыктар түрмөгү
0