Элге жакындан жардам көрсөтүү үчүн ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда 7 баллдан 4 баллга чейин үч ирет жер титирөө болгон. Атайы түзүлгөн комиссия 3400 турак жай текшерүүгө алып, 390 үйдү жараксыз деп тапкан.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана калкка жардам көрсөтүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрликтин Ошто болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга арналган жыйынында белгилүү болду. 

Оштогу жер титирөө 390 үйдү жараксыз абалга келтирди
Анын жүрүшүндө зилзаладан жабыр тарткан калкка азык-түлүк, күнүмдүк тиричилик буюмдарын өз убактысында жеткирүү жолдору талкууланды. ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов министрликтин тийиштүү мекемелерине бир жуманын ичинде жер титирөөдөн жапа чеккен турак-жайлардын кыйроо деңгээлин аныктоону тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда 7 баллдан 4 баллга чейин үч ирет жер титирөө болгон. Атайы түзүлгөн комиссия 3400 турак жай текшерүүгө алып, 390 үйдү жараксыз деп тапкан. 

Кырсык болгон жерге жергиликтүү калктын баш калкалоосу үчүн боз үй менен чатырлар жеткирилүүдө. Мындан тышкары, элдин азык-түлүк жана керектүү оокат менен камсыздоо иштери уюштурулуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0