Кыргызстандагы кой-эчкилерден 7,8 млн. табак бешбармак чыгат

Жазылуу
Дагы кошумчалап салыштырсак, алардын саны өлкөнүн мамлекеттик чек арасына тизип чыкса жеткидей.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы кой-эчкилер 3 миллион 280 миң экендигин Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Ар бир койдон 12 устукан жасаларын эстесек, демек, алар Кыргызстанда 39, 360 млн. устукан чыга турган санда болуп чыкты. Ал эми орточо эсеп менен алганда бир табакка беш устукандан салганда, 7,8 млн. табак бешбармак чыгат.   

Белорустар кыргыздардан кой бакканды үйрөнгүсү келет
Мал-жандын саны боюнча экинчи орунда канаттуулар турат. Учурда өлкөбүздө 2 миллонго чукул тоок, каз-өрдөк жана үндүктөр бар.

Кыргызстандыктардын короосуна көз сала келсек, 366 миң бука жана уй, Камбар Атанын 245 миң тукуму бар экен. Буларды тизе келгенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын узундугуна жеткидей. 

Ал эми чочко баарынан аз болуп чыкты, алардын санын Статистика комитети болгону 25 миң деп берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0