Электрондук тейлөө порталы ишке киргизилди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютерлер. Архив
Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган порталдан жарандар паспорт столу, ЗАГС кызматтары, унаа каражатын жана турак-жайды каттоо, Архив агенттиги жана биометрикалык каттоо боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы бардык кызматтардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздаган Электрондук тейлөө порталын ишке киргизгенин аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, www.services.srs.kg порталынын "Тейлөө" бөлүгүндө пайдалануучу паспорт столу, ЗАГС кызматтары, унаа каражатын жана турак-жайды каттоо, Архив агенттиги жана биометрикалык каттоо боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат.

"Сайтта Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөтүүчү кызматтар — тийиштүү документтердин тизмеси, баала, укуктук-ченемдик база жана бардык бөлүмдөрдүн байланышуу жолдору берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, жарандар ЗАГС жана паспорт бөлүмүнүн он-лайн тейлөөсүнө арыз таштай алат. Бул үчүн алгач сайттын каттоосунан өтүүсү керек. Сунушталган система керектүү документтерди алуу боюнча аракеттердин жыйынтыгы, арыздын канааттандырылышы тууралуу маалымат берет.

"Ресурс маалыматтык жана интерактивдик бөлүктөн турат. Маалыматтык бөлүк интернет пайдалануучуларынын бардыгына жеткиликтүү болуп, тейлөөнүн түрү, баасы жана аткарылыш мөөнөтү тууралуу кабардар болот. Ал эми инреактивдик бөлүк "Жеке кабинетте" катталуу менен электрондук арыз аркылуу кайрылууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Порталда "Кайтарым байланыш" бөлүмү иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0