Чет өлкөлүктөр былтыркыга караганда Кыргызстанга аз инвестиция салышкан

Жазылуу
Жалпы инвестициянын 78 пайызы кен казуу боюнча объектилерди, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү курууга, электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоого жана турак-жай курууга жумшалган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, жыл башынан бери негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 78 миллиард сомду түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кен казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан берки тартылган инвестициянын көбү кен казууга жумшалган
Маалыматка ылайык, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,6 пайызга жогорку көрсөткүч. Мында ички булактын эсебинен болгон инвестиция 11,4 пайызга өссө, тышкы булактардын эсебинен инвестиция, тескерисинче 15,7 пайызга төмөндөп кеткен.

Жалпы инвестициянын 78 пайызы кен казуу боюнча объектилерди, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү курууга, электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоого жана турак-жай курууга жумшалган.

Мында жыл башынан бери 617 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0