Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшкөн уюмдар эл аралык стандартка жооп бербейт

© AFP / LUKAS SCHULZEМедициналык жабдык. Архив
Медициналык жабдык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички жана тышкы миграциядан улам кургак учуктан жабыркагандардын көбү Бишкек шаарында дарыланып жатканын иш-чарага катышкан Саламаттык сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров да белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учук илдетине каршы иш алып барган 26 уюмдун бири дагы эл аралык стандартка жооп бербей турганын Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров тегерек столдо билдирди.

Бишкек шаарында "Кургак учукту жеңебиз" аталышындагы тегерек стол өтүп, кургак учук дартына каршы иштеген уюмдардын станционардык жардамын өнүктүрүү жана сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Кадыровдун айтымында, аталган уюмдагы бейтаптардын басымдуу бөлүгү башка оору менен дарыланып жаткандар. 

"Кургак учукка каршы көрүшүү натыйжасыз, кооптуу жана максатка жооп бербейт. Оорукана ичинде дартты жуктуруп алуу коркунучу күч. Бейтаптар ашыгы менен жаткырылган", — деди жетекчи.

Мындан тышкары, Кадыров каржылоонун жетишсиздиги да абалды оорлотуп жатканын кошумчалады. 

Ички жана тышкы миграциядан улам кургак учуктан жабыркагандардын көбү Бишкек шаарында дарыланып жатканын иш-чарага катышкан Саламаттык сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров да белгиледи. 

"Бишкектин айлана-тегерегинде 47 жаңы конуш бар. Ал жакта эч кандай шарт, инфраструктура өнүккөн эмес. Алгач бейтаптар бир жаңы конуштан келип, кийин башка жакка көчүп кетип жаткандыктан, аларды табуу да кыйынга туруп жатат. Мындан улам үй-бүлө толугу менен оорудан жапа чеккен учурлар кездешүүдө", — деди ал. 

Тегерек столдо кургак учук менен жабыркаган балдарга ооруканада орун жетишпей жаткандыгы айтылды. 

Иш-чаранын соңунда мындай жолугушуу, талкуулар көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун табууга өбөлгө болору белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0