Кышка даярсызбы, үйдү жылытуу канча турат?

© Фото / Айша КамиловаКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдү жылытуу үчүн кыргызстандыктарга отундун түрлөрүн, анын ичинде жаңыларын да сунуштап жатышат. Мындан тышкары, отун-көмүр, газды, электр менен көңдү үнөмдөш үчүн, адистер турак-жайды жылуулап алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Күндүн жылуулугуна карабай (термометрдин мамычасы 10 жогору болуп турат), жер үйдө жашоочулар отун, көмүр, көң, газ баллондорун жана генераторлорду сатып алуу менен, кыш камын көрүүдө. 

Көмүр чыпталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 500 жакыр үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды
Айрымдары алдыдагы аяз күндөргө андан да олуттуу даярданып, заманбап жана салттык технологиялар менен турак-жайын жылуулап жатат.

Суроо-талапка ылайык, сатуучулар жылуулук берүүчү товарлардын ар кимдин каалоосуна жана капчыгына жараша түрүн сунуштоодо. Өлкөнүн аймактарында көмүр-отунду эл канчадан алып жатканын жана ага кеткен акча бекер коромжу болбошу үчүн үйдү кантип жылуулаш керектигин Sputnik агенттиги билип көрдү. 

Кайсынысы канчадан?

Бишкектин рыногу негизинен түрдүү шахталардан казылган көмүрдү сунуштайт. Кара-Кеченики бир тоннасы орто эсеп менен 3,9 – 4,2 миң сом турат. Шабыркөлдүн көмүрү кымбатыраак — 4 миңден жогору экен. 

Ал эми Казакстандыкы арзаныраак. Караганданын көмүрүнүн бир тоннасы 3 миң 800 сом, Майкуба деген жерден чыкканы да ошол эле баада. 

Көмүрдү тонналап алганга алы жетпегендер үчүн аны мүшөктөп 250-300 сомдон сатып жатышат. 

Борбор калаада отундун бир метр кубу 1,3—1,5 миң сомдон сатылып, баасы отундун түрүнө жараша аныкталат. Дагы килограммы 4 сомдон таарынды да сатылууда. Баса, отундун бул түрүү популярдуу болуп баратат. 

Көң — байыртан кыргыздар үйүн жылытканга пайдаланып келген отундун түрү — мурдагыдай эле суроо-талапка ээ жана бир тоннасы миң сомго жакын турат.

Талас облусунда көмүрдүн баасы борбор калаадагыдан жогору: Кара-Кеченики тоннасы 4,3 миң сом, Караганданыкы 3,8 миңден сатылууда. Шабыркөлдүн көмүрү баарынан кымбат — тоннасы 5 сом турат. Отундун бир метр кубу таластыктар үчүн 1,5 миң сом, көңдүн бир прицеби (800—1000 килограмм) 500 сом болуп жатат. 

Нарында баа бир топ арзан: Кара-Кеченин бир тонна көмүрү 2,9 – 3,8 миң, Шабыркөлдүкү 4,8 миң сом турат. Жыгач отун Нарын облусунда анча көп сатылбайт, себеби эл аны өз алдынча эле даярдап алат. Ал эми бир машине көң 3,5 – 4 миң сом турат.

Ысык-Көл облусунда кара алтындын баасы бир топ айырмаланат. Шабыркөлдүн бир тонна көмүрү 5,8 миң, Кара-Жыраныкы 5 600 сом турат. Бир мүшөк жыгач отун 200 сом, 4,5 миңге жеңил машине менен толтура үйүңө чейин жеткирип берет. 

Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышкыга деп Баткендеги билим берүү мекемелерине жагылчу көмүрдүн жарымы алынды
Ош облусунда: Алайдын көмүрү 5 миң сом, калгандары тоннасы 4 – 4,5 миң сом турат. Эң кымбаты — Сүлүктүнүн көмүрү — тоннасы 12 миң сомдон сатылууда. Сатуучулар анын баасы 15 миңге чыгат деп жатышат. Отундун 1,5 куб метри 800 сомдон болууда. 

Жалал-Абадда баалар Бишкектегиге окшош. Бирок бул жерде Өзгөн, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу кендеринен алынган көмүр сатылууда. Мүшөгү 250 – 300 сом, тоннасы 4 – 4,5 миң турат. Бир машина (ЗИЛ) жыгач отунду аз-көп жүктөлгөнүнө жараша 8 – 15 миң сомго сатып алууга болот. 

Эмне арзан?

Борбордук Азиянын сууну пайдалануу жана суу-энергетика ресурстары боюнча институтунун төрагасы Эрнст Карыбековдун айтымында, жылытуунун аралаш (электр жана көмүр) түрү арзаныраак болот.

Бир сутка аралыгында үйдү эки жолу көмүр менен 25 градуска чейин жылытып, калган убакта жөн гана керектүү температураны кармап туруу керек. 

"Азыр базарда жылуулукту жөнгө салгычы бар жылыткыч казандар көп. Алар белгиленген чекке жеткенде өзү эле өчүп калат. Бул электр кубатын жакшы үнөмдөйт, азыр ал ансыз деле арзан эмес да", — деди Карыбеков.

Эксперт белгилегендей, ар бир үй ээси кандайча жылытууну өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чечет. Бирок үйдө жакшы жылуулук болушу үчүн отундун түрүн камдап койгону оң. 

Үнөмдүү түтүн

Көмүр-отун, электр кубатына жумшалган акча текке кетпеши үчүн, үйдү жылуулоонун да камын көрүш керек. Аны нымдан коргоо зарыл. Үйдүн дубалдары, айрыкча төбөсү жылуулоого муктаж, анткени физиканын мыйзамына ылайык, жылуулук өйдө көтөрүлөт эмеспи, ал "качып чыкпашы" үчүн жолуна бөгөт коюу керек. 

"Бул үчүн атайын көбүк, пенопласт, дубал жылыткычтар ылайык. Алар кат-каты менен үйдүн шыбына төшөлөт. Ошондо жылуулук эч жакка чыкпай, кайра төмөн кайтат", — деп айтып беришти Sputnik агенттигине имараттарды жылуулоо менен алектенген компаниялардын өкүлү. 

Табылган көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта көмүрдүн тоннасы 4200-4700 сомдон сатылууда
Дубалдар да жылуулоого муктаж. Эң жеңил жана арзан ыкмасы — дубалды жаңылап шыбап чыгуу. Кымбатыраак, бирок натыйжалуу жолу болуп пенопласт, минералдык кебез жана башка жылуулкту кармоочу материалдар менен каптоо эсептелет.

Андан тышкары, энергиячылар терезелерди жылуулап же аларды пластик түрүнө алмаштырууну кеңеш кылат. Акыркылардын эч бир жылчыгы болбойт эмеспи. 

Терапевттердин пикиринде, үйдөгү абанын мелүүн болушу адамдын организмине жакшы таасир берип, жүрөк жана дем алуу органдарынын ооруларын алдын алат. Андан тышкары, дарыгерлер үйгө таза аба кирүүсү үчүн үй-жайды такай желдетип турууну сунуштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0