Кыргызстанда математика менен химия сабактары тереңдетип окулат

© Sputnik / Сергей Ещенко / Медиабанкка өтүүМектеп залы. Архив
Мектеп залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр атайылаштырылган мектептер ар бир райондо имараты жана педагогикалык ресурсу жол берген окуу жайдын базасында түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда физика-математикалык жана химия-биологиялык предметтерди тереңден окутуу камтылган атайын мектептер ачыла турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда министр иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт.

Сариеванын айтымында, мындай мектептер ар бир райондо имараты жана педагогикалык ресурсу жол берген мектептин базасында түзүлмөкчү. 

"Мисалы, Таласта бул үчүн атайын жаңы имарат курулуп жатат. Премьер-министр тарабынан колдогу ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тапшырма берилгендиктен, ички мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатабыз", — деди чиновник.

Министр аталган мектептер атайын иштелип чыккан программанын негизинде иш алып барарын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0