Жыл башынан бери курулуш үчүн 528 лицензия берилип, төрт компаниянын иши токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөп кабаттуу үйдү куруу иштери. Архив
Көп кабаттуу үйдү куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги быйыл 314 компания курулуш үчүн биринчи жолу уруксат алганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги Кыргызстандын аймагында курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 528 лицензия бергенин аталган мекеме билдирди.

Кочкордун Ак-Жар айылында ураган мектептин ордуна жаңысы ачылды
Аймактар боюнча жалпы лицензиянын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Андан кийин Ош, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Нарын жана Талас облустары турат. 

Маалыматка ылайык, 314 компания биринчи жолу уруксат алды. Жалпы лицензиянын 514ү юридикалык жактарга, ал эми 14 лицензия жеке жактарга берилген.

Муну менен бирге мыйзам бузгандыгы үчүн төрт компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0