Башкы прокуратура мамлекетке 170,5 млн. сом кайтарып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери башкы көзөмөл органы 433 кылмыш ишин иликтеп сотко жөнөткөн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын 170 миллион 528 миң сомун Башкы прокуратура мамлекетке кайтарганын аталган мекеме тогуз айдагы ишмердүүлүгүнө арналган жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгил аралыгында башкы көзөмөл органы 433 кылмыш ишин иликтеп сотко жөнөткөн. 

Прокуратуранын иш-аракетинен улам мамлекетке кайтарылган каражаттын жыл башынан берки көлөмү 205,6 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0