Алты миллионунчу кыргызстандык 16-ноябрда төрөлөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөргөн даарыгер. Архив
Ымыркай көтөргөн даарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын алты миллионунчу жаранын аныктоо үчүн ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлдү.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктардын санын алты миллион кыла турчу ымыркай 16-ноябрда, дүйшөмбү күнү жарык дүйнөгө келет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында ымыркай көп төрөлөт?
Алты миллионунчу болуп ким төрөлөрүн аныктоо үчүн ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлдү.

Улуттук Статистикалык комитет билдиргендей, 2015-жылдын 1-августуна карата кыргызстандыктардын саны 5 миллион 964 миң кишини түзгөн.

Кыргызстандын беш миллионунчу жараны Тынчтык 2002-жылы 27-августта Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Азыр ал 13 жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0