Ош, Баткен, Каракол жана Талас жаңыча өнүгө баштайт

Жазылуу
Экономика министрлиги облус борборлорунун өнүгүшү жалпы аймактын өнүгүшүн шарттай турганын белгилейт.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече облустук борборлор катышкан "Аймактык өнүгүүнүн жөлөк шаарлары" программасы ишке ашырыла баштаганын Экономика министрлиги билдирди.

Бейшемби күнү өткөн тегерек столдо экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев аймактык өнүктүрүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди. 

"Учурда Кыргызстанда аймактардын өнөр жай өнүгүүсүндө кескин айырма бар. Буга негизги өнөр жай фонддорунун эскилиги, бюджеттик алаканын сапатсыздыгы жана башка бир катар факторлор таасир тийгизет", — деди ал.

Иманалиев өкмөттүн токтому менен "Аймактык өнүгүүнүн жөлөк шаарлары" программасын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлгөнүн белгилеп өттү. Анын айтымында, программада кичи шаарлардын баштап ири калаалардын баскыч менен өнүгүү жолдору камтылган.

"Бул шаарлар дүйнөлүк мааниде болбосо да, чет жактагы аймактын экономикалык, билим берүү, медициналык, маданий муктаждыгын канааттандыра турган борбор болот", — деди министрдин орун басары.

Программага кирген калктуу пункттар ошол аймактын социалдык-экономикалык борборуна айланат. Мындай шаарларга Ош, Баткен, Каракол жана Талас калаалары кириши мүмкүн. Жөлөк шаарлар ошол аймакты эле эмес, коңшу облусту да өзү менен кошо "тартып кетүүгө" жөндөмдүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0