Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө шайланды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүБУУнун имараты. Архив
БУУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кеңеште Кыргызстан өз мүчөлүгүн 2016-жылдын 1-январынан тарта баштайт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Нью-Йорк шаарындагы 42-жыйынында Кыргызстан аталган уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

БУУ өкүлү: качкындар көйгөйүн өз алдынча чечүүгө Кыргызстандын дарамети жетет
БУУнун башкы органдарынын бири болгон бул кеңештеги бош беш орунга Азия-Тынч океан аймагындагы жети өлкө ат салышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын мүчөлүгү үчүн БУУга мүчө 192 мамлекеттин 147 добушун алып, алдыңкы үч лидердин катарына кирген. 

Адам укуктары боюнча кеңеште Кыргызстан өз мүчөлүгүнө 2016-жылдын 1-январынан баштап киришет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0