Сариев: Жол кайгуул жана Күзөт кызматтары биригип, посттук милиция пайда болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр жол кыймылына көз салган ар бир кызматкерге портативдүү видеокаттоочу жабдык берилерин кошумчалады. Бул өз кезегинде инспектордун иш-аракети борбордук система аркылуу көзөмөлгө алынмакчы.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен Күзөт кызматы бириктирилип, посттук милиция түзүлө турганын премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, учурда Жол кайгуул кызматын реформалоо боюнча иш-чаралардын пакети иштелип чыкты.

"Боло турган өзгөрүүлөр жол коопсуздугун камсыздап, коррупциялык системага бөгөт коет. Мындан тышкары, ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт", — деди өкмөт башчы.

Сариев жол кыймылына көз салган ар бир кызматкерге портативдүү видеокаттоочу жабдык берилерин кошумчалады. Бул өз кезегинде инспектордун иш-аракети борбордук система аркылуу көзөмөлгө алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0