Кыргызстанда бруцеллез менен ооруган малдын да, кишинин да саны үч эсеге азайды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малды эмдѳѳ, жеке гигиеналык эрежелерди сактоо, термикалык иштетүүдѳн ѳткѳн малдын азыктарын колдонуу бруцеллез оорусун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жеке ветеринарлар 1-октябрга карата 1,8 миллиондон ашык кой-эчкини бруцеллезго каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳргөнүн Мамлекеттик ветеринардык инспекциясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл жалпы жонунан 2,2 миллион баш майда мал жандык эмделиши керек. 

"Кыргызстанда 2008-жылдан бери колдонулуп жаткан REV-1 вакцинасы Эл аралык эпизоотиалык бюро тарабынан сунушталган. Дары малдын кѳзүнѳ тамчылатылат. Үч айдан ѳткѳн кой-эчки бир жолу эмдѳѳдѳн ѳткѳрүлѳт. Эмдѳѳдѳн кийин бруцеллезго каршы туруктуу иммунитет өмүрүнүн аягына чейин сакталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган вакцинаны сатып алууга 11,7 миллион сом бѳлүнүп берилген. Акыркы жылдары биргелешкен аракеттердин натыйжасында бруцеллез менен ооруган малдардын саны үч эсеге азайды. Бул оорулуу мал жана анын эт-сүт азыктары аркылуу аталган ооруну жуктуруп алган саны кыскарган. 

"Эгерде 2013-жылы илдетти 1 363адам жуктурган болсо, 2014-жылы бул кѳрсѳткүч 1092ни түзгѳн. Ал эми 2011-2014 жылдардын аралыгында оорунун денгээли тѳрт эсе азайган", — деп айтылат маалыматта. 

Мал доктуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйдүргү дартынан улам Ат-Башыда мал эмделип жатат
Адамдын бруцеллез оорусу ѳтѳ оор болгондуктан организмдин системалык жабырлануусуна алып келет. Алардын бири тукумсуздук болуп саналат. Өз алдынча дарылануу кѳп убакытты талап кылат жана кымбатка турат. Ошондуктан оорунун алдын алуу зарыл. Малды эмдѳѳ, жеке тазалык эрежелерди сактоо, термикалык иштетүүдѳн ѳткѳн малдын азыктарын колдонуу оорунун алдын алууга көмөк болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0