Кыргызстанда тоо лыжа базалары көбөйүп, сапаты жакшырат

© Сергей Ершов, Кыргызстан"Каракол" шаарындагы тоо лыжа базасы. Архив
Каракол шаарындагы тоо лыжа базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо лыжа базаларын Ысык-Көлдүн Жыргалаң, Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш жана Светлая Поляна аймактарында куруу пландаштырылууда.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда "Тоо лыжа кластери" долбоорунун алкагында беш тоо лыжа базасы ачыла турганын Экономика министрлиги билдирди.

Сариев: "Кыргызстан — тоолордун өлкөсү" деген бренд менен дүйнөгө таанылат
Маалыматка ылайык, кластердик мамилелер мамлекет, жергиликтүү өз алдынча бийлик органдары жана ишкерлердин өнөктөштүгү менен өнүгөт.

Тоо лыжа базаларын Ысык-Көлдүн Жыргалаң, Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш жана Светлая Поляна аймактарында куруу пландаштырылган. Мындан улам ал жактардын инфраструктурасы, кызмат көрсөтүүсү жакшыртуу, салык жыйымын жогорулатуу жана жумушчу орундарды көбөйтүү каралган.

Долбоор мамлекет-жеке өнөктөштүк принцибинде чакан жана орто бизнестин бийлик органдары менен тыгыз кызматташуусун шарттайт.

Кыргызстандын тоо лыжа базалары тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0