Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр кармаган бишкек шаарынын жашоочусу. Архив
Кол чатыр кармаган бишкек шаарынын жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында күн —3 грудаска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада күн 11 градуска чейин жылып, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек шаарынын мээриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарына жылуулук берүү аба ырайына жараша болот
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында түнкүсүн 5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Ош шаарында күндүз 18 градус жылуу болсо, түнкүсүн 10 градуска чейин жылуу болот.

Андан сырткары Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде —1…-3 градус сук болуп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйналбаган жылуулукту сүйүүчү жемиш бактарына, жашылчаларга жана казып алынып жабылбаган картошкага коркунуч алып келет. 

Бүгүн, 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат. Бийик тоолуу аймактардын автожолдору тайгак болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0