Жыныстык жол менен жуга турган оорулар кайсы облуста көп?

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүАнализ текшерүү. Архив
Анализ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыныстык жол менен жуккан оорулардын ичинен гарднеллез илдети көп кездешип, андан жапа чеккен кыргызстандыктардынс аны 12 миңге жеткен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет кыргызстандыктар кайсы жыныстык ооруларга көбүрөөкдуушар боло турганы жөнүндө маалымат берген. Sputnik бул жаатта кайсы дубандар алдыда экендигин тактап чыкты.

1. Бишкек – бир жылда 13 миң 579 адам оору жуктуруп алган.

Балдардын үчтөн бири гарднеллезге чалдыккан. Эки миңге жакыны хламидиоз, ал эми, 1,7 миңи трихомониаз оорусун жуктуруп алганы аныкталган. 

Спектаклдан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар эмне үчүн психикалык оорулуулардын көзүнө кош көрүнө турганын аныкташты
2. Чүй облусунда бир жылда ооругандарын саны 2482 адам. Бул жерде деле жыныстык оорулардын ичинен гарднеллез басымдуулук кылып, аны жуктаргандар 1290г жеткен. Экинчи орунда трихомониаз турат экен, аны 551 киши жуктуруп алган. 

3. Ошто ооругандардын саны — 1362. 

Түштүк борбордо сифилисти 355 адам жуктуруп алыптыр, андан кийин эле 4 адамга аз гарднеллез катталыптыр. 

4. Ысык-Көлдүктөрдөн жыл ичинде 842и жуктуруптур. 

Бул аймактын жашоочулары көбүнчө котурдан жабыркайт деп билдирди Статком. Алардын саны 219 болуптур. 130 киши сифилис, дагы ушунчасы трихомониазды жуктуруп алган. Аймакта трихомониаз гүлдөп жатыптыр, себеби, жыныстык жактан жуга турган оорудан жапа чеккендердин жарымынан ушул дарт аныкталган. 

5. Жалал-Абад обулусу — 585 киши.

Аймакта трихомониаз арбын кездешүүдө, алардын саны жыл ичинде 257 кишиге жеткен. Андан кийин котур турат экен. 

6. Нарын дубаны боюнча — 583 адам.

Алардын жарымы, тактап айтканда, 253 трихомониазды жуктуруп алган. Гарднеллез 117 нарындыктардан табылган. 

Анализге кан алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл ичинде 113 өспүрүм жыныстык ооруларын жуктуруп алган
7. Талас облусу — 566 киши.

Бул аймакта жугуштуу жыныстык ооруну жуктуруп алган дегендердин ар бир экинчисинен гарднеллез табылган. Экинчи орунда трихомониаз турат экен. 

8. Баткен дубаны — 535 адам. 

Аймакта негизинен гарднеллез менен трихомониаз менен оорушат. Бир жыл ичинде Баткенде хламидиоз менен ооруган бир дагы киши табылган эмес. 

Жыныстык оорулардын ичинен гарднеллез илдети көп кездешкен. Аны менен 12 миң кыргызстандык жапа чеккен. Төрт миң адам трихомониазга, ал эми 2,7и хламидиозго чалдыккан. Ал эми 1000 киши сифилис менен ооруган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0