Кыргызстанда ашпозчу, чач тарач, жыгач уста, слесарь адистигине талап жогору

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАшпозчу тамакты идишке салып жатат. Архив
Ашпозчу тамакты идишке салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диль Панфилов районундагы Тилебалиев атындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жаңы ачылган борбордон тийиштүү адистикке ээ болуу менен билимин ЖОЖдордо улантарына ишеним артты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бүгүнкү шартта ашпозчу, чач тарач, жыгач уста, слесарь адистиктерине суроо-талап жогору экенин вице-премьер Валерий Диль Панфилов районундагы жетим балдар үчүн мектеп-интернатында окуу-өндүрүш борборунун ачылыш салтанатында билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор "Центр Ас-Сафа" коомдук уюмунун жардамы менен кыска мөөнөттө ишке киргизилген.

"Бул жактан балдар бүгүнкү шартта суроо-талап жогору болгон ашпозчу, чач тарач, жыгач уста, слесарь адистиктери боюнча билим алат. Мен адистикке ээ болгон балдар окуусун жогорку окуу жайларда улантарына ишенем. Өкмөт балдарды бардык жагынан колдоого даяр", — деди Диль.

Мындан тышкары, вице-премьер тарбиялануучуларды дайым алдыга умтулууга, билим деңгээлин жогорулатууга чакырды.

"Бул жашоодо ар бир адамдын өзүнүн орду, аткара турган милдети бар. Бул жерде билим алган ар бир баланын өз ордун таап, мекенинин татыктуу атуулу болушун каалайм", — деди чиновник.

Сөзүнүн акырында вице-премьер балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0