Күйүүчү майды канистра менен алып кирүүгө Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүБензин куюлган канистрлер. Архив
Бензин куюлган канистрлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлиги жеке тараптардын Кыргызстанга канистра менен 20 литрге чейин гана күйүүчү май алып кирүүсүнө уруксат берген токтом кабыл алды. Эгер күйүүчү майдын көлөмү белгиленгенден көп болсо анын коштоочу документтери болушу кажет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. КРдин Экономика министрлиги жеке тараптардын автоунаа менен өлкө аймагына күйүүчү жана майлоочу май алып кирүүгө тыюу сала турган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган чектөө жеке тараптардын жеке колдонуусу үчүн автоунаалардын май куюучу бактарына толтурулган майларга тиешелүү эмес.

Экономика министрлигинин токтомунун долбооруна ылайык, төмөндөгүлөргө тыюу салынат: 

 

  • тийиштүү коштоочу документи жок алып өтүүгө;
  • күйүүчү майларды ташууда талап кылынган шарттардын бузулушу;
  • жүк ташуучун же жүк алуучунун салык каттоосу бар экенин тастыктаган документ жок болгон учурда.

 

Ошондой эле токтомго ылайык, май куюучу бекеттерде кечки саат 7.00дөн эртең мененки 9.00гө чейин май куюуга тыюу салат.

"Тыюу салуу тенгенин девальвациясына жана ЕАЭБдин чек араларынын ачылганына байланыштуу. Андан сырткары, күйүүчү май ташуу аткезчилиги салыктын чогулуусуна жана Кыргызстанга расмий алынып келинишине терс таасир тийгизип жатат", — деди ал.

Министр ошондой эле учурда өлкөгө бензинди  расмий жолдор менен алып келүү бир кыйла төмөндөп кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0