ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинген унаа каражаттарын каттоо башталды

© Sputnik / Нуржан НайзабековаАвтоунаа базары. Архив
Автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Еварзиялык экономикалык биримдикке кирген жана башка мамлекеттерден алып келинген унаанын түрлөрү өкмөттүн токтому менен бекитилген талаптарга ылайык каттоого алынат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинген унаа каражаттарын жана чиркемелерди каттоо башталганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ аймагынан үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта алып келинген унаа каражаттары КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин жүк бажы декларациясыз каттоого алынат.

Еварзиялык экономикалык биримдикке кирген жана башка мамлекеттерден алып келинген унаанын түрлөрү өкмөттүн токтому менен бекитилген талаптарга ылайык каттоого алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0