Сариев Financial Times басылмасына: биометрия менен шайлоо өткөрүү бийликтин күчүн көрсөттү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Financial Times басылмасына маек куруу учурунда.
Премьер-министр Темир Сариев Financial Times басылмасына маек куруу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын премьер-министри батыштын Financial Times басылмасы менен маек куруп, мамлекеттин жыл ичиндеги саясий жана экономикалык жетишкендиктерин айтып берди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Биометриянын негизинде таза жана ачык шайлоо өткөрүү бийликтин күчүн көрсөттү деп билдирди премьер-министр Темир Сариев Financial Times басылмасына маек куруп жатып.

Эстониянын Башкы прокурорунун орун басары: биометрияны колдонууга үндөйм
Өкмөт башчы Улуу Британиянын кабарчылары менен жолугуп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу жана россиялык экономиканын өлкөгө тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, таза шайлоонун өтүшү өлкө башчынын, өкмөттүн жана жалпы мамлекеттик бийликтин саясий эркинен кабар берет. 

Сариев Кыргызстан биринчи жолу шайлоо учурунда "айлампа" аттуу оорудан арылганын белгиледи.

"Менин баамымда, добуш берүүгө келген шайлоочулар буга өздөрү ынанды. Биз шайлоону административдик ресурсту колдонбостон, тартип менен коопсуздукту камсыздоо менен бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүүгө жетиштик", — деди премьер-министр.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушун өкмөт башчы бирикмеге мүчө мамлекеттер менен атаандаштык түзүүгө, товар, кызмат, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүнө түзүлгөн шарт деп эсептей турганын билдирди. 

"Кыргызстандын эсебинен ЕАЭБдин чек араларынын кеңейиши товар жүгүртүүнүн көлөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Статистикага карасак, 12-августтан кийин товардын агымы 2-2,5 эсеге көбөйгөн. Бул биздин товарлардын ЕАЭБ рыногуна кире баштаганынан кабар берет", — деди Сариев.

Премьер-министр Кыргызстан аталган бирикмеге кирүү үчүн олуттуу даярдыктан өтүп, көп нерсе жасоого жетишкенин маалымдады. Анын айтымында, өткөрүү пункттары алгач Бажы союзунун, андан кийин Бирдиктүү экономикалык аймактын талаптарына карай ылайыкташты.

"Бул үчүн биз Россиядан грант иретинде 200 миллион доллар алдык. Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык бажы постторун, лабораторияларды тийиштүү жабдык менен жабдууга, ошондой эле өткөрүү пункттарындагы товардын эсебин алуу үчүн бирдиктүү автоматтык система түзүүгө жумшалды", — деди өкмөт башчы.

Сариев Кыргызстан эпизоотикалык абалды жакшыртууга аракет көрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жыл аягына чейин ветеринардык көзөмөлдү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аккредитациядан өткөн 19 лабораториясы ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген.

"ЕАЭБге кирүү менен алдыбызда чоң мүмкүнчүлүктөр менен бирге бир топ кыйынчылыктар да күтүп турганын билгенбиз. Кыргыз өкмөтү антикризистик программа иштеп чыгып, премьер-министр башында турган оперативдүү штаб түзүлгөн. Ар кандай тоскоолдуктарга ыкчам аракеттерди көрүүгө даярбыз", — деди өкмөт башчы.

Сүйлөшүү учурунда Кыргызстанга Россия экономикасынын тийгизген таасири тууралуу да кеп козголду. Сариев Кыргызстан баарына дыкат көз салып турганын белгиледи.

"Биз улуттук экономиканы чыңдоо боюнча жылдык программанын алкагында бир катар антикризистик чараларды көрүп жатабыз. Негизинен өкмөт чакан жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө, айыл субъектилерин жана курулуш секторун колдоого басым жасоодо", — деп белгиледи премьер-министр.

Financial Times — дүйнөнүн 24 шаарында 360 миң нуска менен чыккан эл аралык гезит. Башкы редакциянын штаб-квартирасы Лондодо жайгашып, Pearson PLC медиа холдингинин менчигинде. Басылма дүйнөдөгү финансы жана бизнес жаңылыктарын, аналитиканы чагылдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0