Кыргызстанда нерв системасынын жабыркашынан өлгөн балдардын саны көбөйүүдө

Жазылуу
Тубаса аномалиядан чарчаган наристелердин саны барган сайын жогорулап жатат. Балдар өлүмү тууралуу маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Нерв системасынын жабыркашынан өлгөн ымыркайлар көбөйүп жатканын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ар бир экинчи кыргызстандык кан айлануу системасына байланышкан дарттан көз жумат
Мекеменин маалыматы боюнча, аталган илдеттен жыл башынан бери Кыргызстанда 18 бала чарчаган.

Мындан тышкары, тубаса аномалиядан өлгөн наристелердин саны 282ге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу беш пайызга өскөн.

Бир жашка чейинки 1199 ымыркай көбүнесе төрөттөн кийинки абалдын кабылдап кетишинен чарчаса, дагы 46 наристе инфекциядан улам жашоосун уланта алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0