БШК шайлоонун жыйынтыгын 24-октябрга чейин жарыялайт

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочу өзүн тизмеде издеп жатат. Архив
Шайлоочу өзүн тизмеде издеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарууну көпкө создуктурбоого убада кылган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык шайлоонун акыркы жыйынтыгын 24-октябрга чейин жарыялай турганын БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.

Өткөн жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары жеңүүчү аталды.

"Расмий жыйынтык бир жумадан кийин, 15-18-октябрь күндөрү жарыяланышы толук мүмкүн", — деди Канатбек Азиз.

Ал бардык соттор бүтүп, аймактык шайлоо комиссиялары бардык арыз-дооматтарга жооп бериши керектигин, ушул процедуралар аяктагандан кийин гана акыркы жыйынтык жарыяланарын кошумчалады.

Буга чейин БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарууну көпкө создуктурбоого убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0