Кыргызстанда парламентке шайлоо аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочу бюллетеньди урнага салып жатат.
Шайлоочу бюллетеньди урнага салып жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке добуш берүү аяктап, бардык шайлоо участоктору жабылды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда шайлоо жараяны аяктап, шайлоо участоктору жабылды. БШКнын саат 17:00гө берген маалыматы боюнча кыргызстандык 1 млн. 39 миң шайлоочу добушун берген. 

Анын ичинен 552 миң 593 аял добуш берип, шайлоого катышкандардын 53,18 пайызын, ал эми добуш берген 486 миң 506 эркек жалпы шайлоочулардын 46,82 пайызын түздү.

Балериналар Бишкекте шайлоо участокторунда операторлук кылып акча таап жатышат
Республиканын булуң-бурчтарынан алынган маалыматтар боюнча, одоно мыйзам бузуулар кездешкен жок.

Бүгүн жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. КМШ алкагында Кыргызстан биринчи болуп биометрикалык технологияларды колдонуу менен депутаттарды тандады. Анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 партия ат салышты.

БШКнын кезектеги маалыматтарды саат 20:00дун жыйынтыгы менен берет. 

Ал эми расмий маалыматтар жыйырма күндүн арасында белгилүү болот.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0