Сариев: Кыргызстан чечкиндүү кадамга барды

© пресс-служба правительства КРТемир Сариев Европа парламентинин өкүлдөрүн кабыл алуу убагында.
Темир Сариев Европа парламентинин өкүлдөрүн кабыл алуу убагында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа парламентинин өкүлдөрү парламенттик шайлогоо болгон даярдыкты жогору баалашып, Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөр боюнча пикирлерин билдиришти.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстан биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өткөрүүгө белсенип, чечкиндүү кадамга барды деп билдирди премьер-министр Темир Сариев Европа парламентинин өкүлдөрүн кабыл алып жатып.

Сариев: президент шайлоонун жыйынтыгын кайра-кайра текшерүүнү тапшырды
Маалыматка ылайык, жекшемби күнү өтө турган парламенттик шайлоонун өтүшүнө көз салуу үчүн Европа парламентинин төрагасынын орун басары Рышард Чарнецкий баштаган делегация келди.

Өкмөт башчы парламенттик шайлоого даярдык жана аны ачык-айкын, мыйзам чегинде өткөрүү үчүн киргизилген жаңычылдыктар тууралуу айтып, мамлекет шайлоого катышкан бардык саясий партияларга бирдей шарт түзүп жатканын кошумчалады.

"Учурда шайлоого байкоо салуу үчүн 69 өлкөдөн 600дөн ашуун байкоочу келди. Алар шайлоонун кандай өткөнүн өз көзү менен көрүшөт", — деди Сариев.

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого карата участкалардын даярдыгы кандай?
Өз кезегинде Европа парламентинин өкүлдөрү парламенттик шайлоого карата даярдыкты жогору баалашып, Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөр боюнча пикирлерин билдиришти.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Европа мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча пикир алмашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0