Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим сабак өтүп жатат. Архив
Мугалим сабак өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларынын маянасы 1,5 – 2 эсеге жогорулаганын белгилейт.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мугалимдери жогорулатылган айлык акы алышканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактардагы мугалимдердин маянасы айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча төлөнгөн акчанын көлөмү өзгөрүүсүз калгандыктан, бир топ жогору болот. 

"Мисалы, Ак-Моюн айылынын 18 миң 500 сом алган кыргыз тили жана адабияты мугалими эми 1,5 эсе көп маяна алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Сариева: жаңы жылдан тарта мугалимдердин категориясы кайтарылат
Мындан тышкары, буга чейин сааттары көп кыскаргандыктан, башталгыч класстын окутуучулары менен бала бакча тарбиячыларынын айлыгы дээрлик эки эсе көбөйдү. Эгер буга чейин 40 саат менен иштеген окутуучулар 7800 сом алса, эми 14 миң 140 сом ала баштайт.

Министрлик бийик тоолуу аймакта иштеген мугалимдердин маянасына да ири көлөмдөгү сумма кошулганын белгиледи. 

"23 саат менен бийик тоолуу аймакта иштеген мугалим 11 миң сомдун ордуна 22 миң 636 сом алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми айлык акынын жогорулашы менен мектеп программасындагы сааттар кыскарбай тургандыгы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0