Спайстын 85 түрүнө Кыргызстанда тыюу салуу сунушталды

© AFP / LEON NEAL"Спайс" маңзаты. Архив
Спайс маңзаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору Кыргызстанда тыюу салынган наркотикалык заттардын тизмесине жаңылары киргизилбегендигин эске алуу менен иштелип чыккан.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тыюу салынган заттардын тизмесине эң коркунучтуу делген 85 маңзатты киргизүүнү сунуштап, тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Аталган мамлекеттик кызматтын маалыматына ылайык, "спайс" деп аталган баңгизат психотроптук заттардын тизмесине киргизилбегендиктен, аны тараткандарды жоопко тартууга мүмкүн болбой жатат.

"Ууланып өлгөн, башы айланып жыгылган, керек болсо, өзүнө кол салган учурлар катталды", — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалыматтык тиркемесинде.

Мыйзам долбооруна ылайык, эң коркунучтуу делген 85 затты тыюу салынган псиотроптук заттардын тизмесине киргизүү сунушталууда.

Тизме эл аралык изилдөөлөрдү эске алуу менен түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0