Жыл башынан бери өрт кырсыгынан төрт наристе жана 27 чоң адам каза болгон

Жазылуу
Кыргызстанда күнүгө орто эсеп менен 11 өрт кырсыгы катталат. Анын жарымына отко этиятсыз мамиле себеп болот.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларынын аралыгында өрт кырсыгынан төрт наристе жана 27 чоң адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчүлөр 46 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

"Өрт кесепетинен 193 миллион сом зыян келтирилди. Өткөн жылдын ушул маалында бул сумма 245 миллион сомду түзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда күнүгө ортоэсеп менен 11 өрт кырсыгы катталат. Бул мезгил аралыгында жалын 35 курулушту, 70 автоунааны жана миңдеген тонна тоютту жок кылган.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктын жарымына отко карата этиятсыз мамиле себеп болот. Өрттүн үчтөн бири электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелердин бузулушунан жаралат. Ар бир жүз өрттүн жетисине от менен ойногон балдар себепкер болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0