Өлкөдө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш күчөтүлмөй болду

© AFP / BARAA AL-HALABIФронт ан-Нусра джихад тобунун мүчөсү. Архив
Фронт ан-Нусра джихад тобунун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө экстремизм жана терроризм менен күрөшүү үчүн мамлекеттик органдарды финансылык жактан кошумча каржылоо милдети жүктөлдү. Андан сырткары укук коргоо органдарынын бул багыттагы ишинин натыйжасын арттырууга басым жасалмакчы.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында Коргоо кеңеши диний экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнү талкуулады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо кеңеши терроризм маселесин жабык эшик артында талкуулайт
Аталган жагдай боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков доклад жасап, терроризм жана экстремизм коопсуздугунун өлкөдө, коомдо жана адамдар арасында улам жогорулап бара жаткандыгын айтты. 

Ал УКМК тарабынан бул боюнча жасалган кылмыштардын бетин ачуу, терроризм, экстремизмге каршы күчөтүлгөн иш-чараларга токтолду. 

Мамасадыков бул жааттагы иштер Жакынкы Чыгыштагы жана Афганистандагы, Борбор Азия аймагындагы абалды эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. 

Атамбаев акыркы мезгилдери өлкөдө терроризм менен экстремизмдин алдын алуу, кыргызстандыктарды радикалдашкан уюмдардын катарына тартууга каршы туруу боюнча атайын дин саясатын жүргүзүүгө көңүл бурулуп жаткандыгын айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, бул жаатта комплекстүү иш-чаралар зарыл жана ага каршы туруу үчүн бардык мамлекеттик органдар болгон күчүн жумшашы керек. 

Ош шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: экстремизм менен терроризмге каршы түшүндүрүүлөр жүрүп жатат
Коргоо кеңешинин мүчөлөрү бул отурумунда аталган багытта ишти күчтөндүрүү чечимин кабыл алды. Жыйындын аягында экстремизм менен терроризмге каршы күрөштүү күчөтүү максатында тиешелүү мыйзамдарга, документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү максаты коюлду. 

Өкмөткө экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө мамлекеттик органдарды финансылык жактан кошумча каржылоо милдети жүктөлдү. Андан сырткары укук коргоо органдарынын бул багыттагы ишинин натыйжасын арттырууга басым жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0