Бишкекте ШКУ мамлекеттеринин Жогорку сот жетекчилери жолугууда

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүФемиданын айкели. Архив
Фемиданын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптештер мамлекеттер аралык тажрыйба алмашуу, адам сатууга байланышкан кылмыш жана жарандарга укук жаатында жардам берүү маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сот төрагаларынын жыйыны өтүп жатканын Кыргызстандын Жогорку соту билдирди.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын прокурорлору чек ара боюнча макулдашууга кол коёт
Жогорку сот төрагалары соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча сот органдарынын тажрыйба алмашуусу, адам сатуу менен байланышкан кылмыштар боюнча соттордун ишмердүүлүгү, ар-намысты коргоо боюнча чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча соттук практика, маалымат технологиясын пайдалануу менен укук жаатында жардам берүү сыяктуу төрт негизги маселени талкуулашууда.

Жыйынга Казакстан, Россия, Тажикстан Жогорку сотторунун төрагалары, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, Кытай менен Белоруссиянын судьялары жана Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева катышууда.

Мындан тышкары, жыйын ишине ШКУнун башкы катчысынын орун басары Сабыр Имандосов жана ШКУ аймактык антитеррордук структура жетекчисинин орун басары Нуржан Жигитеков катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0