Кыргызстан министрликтердин саны боюнча Германия менен Япониядан алдыда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын министрлигинин имараты. Архив
Кыргызстандын министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 15 министрлик, 1 комитет жана 28 администрациялык мекеме бар.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу системасын ишке киргизүү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин премьер-министр Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алты миллион калкы бар Кыргызстан чакан, мобилдүү жана, эң башкысы, натыйжалуу башкаруу системасына муктаж.

"Учурда Кыргызстанда 15 министрлик, 1 комитет жана 28 администрациялык мекеме бар. Министрликтердин саны боюнча биз Германия, Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Финляндия, Италия жана мурунку СССРдин Казакстан, Литва жана Латвия сыяктуу мамлекеттерден ашып түштүк", — деди Сариев.

Өкмөт башчысы азыркы мезгилде мамлекеттик кызматкерлердин маяна фонду мамлекеттик бюджеттин 40 пайызын түзөрүн, акыркы убакта ал дагы 10 пайызга көбөйгөнүн белгиледи. 

"Өкмөт структурасын өзгөртүү керек деген ойлор айтылууда. Артыкчылыктуу жактарды эске алуу менен аткаруу бийлигинин структурасын өзгөртүүгө убакыт жетти", — деди премьер-министр.

Сариев өкмөт структурасы бири-биринин функцияларын кайталаган мекемелерди бириктирүү, администрациялык мекемелердин көп баскычтуу иерархиясын жоюу каралган чакан жана мобилдүүлүк принцибинде түзүлүшү керек деп эсептейт.

Салыштыруу үчүн келтирсек, Германияда 14, ал эми Японияда 11 министрлик иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0