Кары-картаңдарга мобилдүү бригадалар жардамга келет

© flickr.com / garycyclesРемонт иштери. Архив
Ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсионерлердин укугун коргоочу активист бардык эле кары адамдар өзүнө керектүү адисти чакыра албай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү министрлиги кары-картаңдарга социалдык-тиричилик кызмат көрсөтө турган мобилдүү топторду түзүүнү демилгелеп жатканын аталган мекеме билдирет.

Министр Кудайберген Базарбаев менен болгон жолугушууда пенсионерлердин укугун коргоп келген Валентина Житинева бардык эле кары адамдар айрым тиричилик көйгөйлөрдү өз алдынча чече албаcтыгын, мындан тышкары, өзүнө керектүү адисти да баары эле чакыра албай турганын белгиледи.

"Коммуналдык кызматтын акысын төлөп, дары-дармек сатып алгандан кийин пенсиянын калганына баары эле тийиштүү адисти чакыра албайт", — деди Житинева.

Министр аталган маселени акысыз тиричилик кызматтарын  көрсөтө турган мобилдүү топторду түзүү менен чечсе боло турганын билдирди.

Ага ылайык, чиновник топтогу адистер кары-картаңдарга майда-чүйдө тиричилик иштерин акысыз жасап беришерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0