Республикалык жолдорго парапет орнотуу менен кырсыктардын алдын алуу сунушталды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖабылган жол. Архив
Жабылган жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Маматалиев жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында катталган жол кырсыгы талкууланды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Транспорт жана коммуникация министрлигине республикалык жолдорго багыты боюнча ажыратуучу тосмолорду (парапет) орнотуу тапшырмасын бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан жети адам каза болду
Бейшемби күнү Маматалиев жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында катталган жол кырсыгы талкууланды.

Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченконун маалыматы боюнча 26-август күнү эртең мененки саат сегизде "Хонда-Одиссей" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун каршы багытына чыгып, өз жолу менен келе жаткан "Лексус" унаасы менен кпгышкан. 

"Натыйжада "Лексустун" айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып, Ивановка айылынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми "Хонда-Одиссей" унаасындагы жети адам тең ошол жерде каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертизалар жасалууда", — деди Дьяченко.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта "Хонда Степвагон" унаасы бакты сүзүп, эки адам мерт кетти
Жыйын жүрүшүндө жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү каралып, Маматалиев тийиштүү министрликке Боом капчыгайынын мисалында республикалык жолдорго парапет жана маалымат такталарын орнотууну тапшырды.

Мындан тышкары, жыйында жол эрежесин сактоо максатында Жол кайгуул кызматкерлерин фото, аудио жана видео каттоо каралган атайы жабдыктар менен жабдуу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Каржы министрлигине керектүү жабдуулар үчүн каражат маселесин чечүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0