Парламенттик шайлоого көз салуу үчүн ЕККУнун 350 байкоочусу келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЕККУ) башкы катчысы Ламберто Занньерди кабыл алды
Алмазбек Атамбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЕККУ) башкы катчысы Ламберто Занньерди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЕККУ) башкы катчысы Ламберто Занньерди кабыл алды деп президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда кызматташуу маселелери, түрдүү чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары биргелешкен аракеттин келечеги, ошондой эле аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан ЕККУ менен тыгыз иштешип жаткандыгын белгилеп, парламенттик шайлоо алдында Занньердин келиши чоң мааниге ээ экенин белгиледи. 

"Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго байкоочуларды жөнөтүү тууралуу ЕККУнун чечимине абдан ыраазыбыз. Анткени, биз парламенттик шайлоолорду таза жана ачык-айкын өткөрүүгө умтулуп жатабыз", — деди өлкө башчысы. 

ЕККУнун Башкы катчысы Уюмдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын командасы Кыргызстандын референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы менен абдан тыгыз иштешип жаткандыгын маалымдады. 

"Бардык шайлоо процессин камтыш үчүн ЕККУ тарабынан 350 байкоочуну ишке тартуу боюнча олуттуу максаттар коюлуп жатат", — деди ал.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы расмий түрдө 14 партияны каттоого алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0