Сариев: чек ара пункттарынан жарандар жана товарлар эркин өтүүсү керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАк-жол чек арасына бара аткан жарандар. Архив
Ак-жол чек арасына бара аткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, экономика министри баштаган Бажы кызматы, Салык кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү чек ара өткөрмө пунктарынын абалы менен таанышуу үчүн чыгып кетишти.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев чек ара пункттарынан жарандар жана товарлардын эркин өтүүсүнө тоскоолдук жаралбашы үчүн кошумча чаралар көрүлүшү керектигин экономика министри Олег Панкратовду кабыл алуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчысы кыргыз-казак чек арасындагы бажы тосмолоруи ачылган соң айрым даттануулар көп болуп жатканын айтып, Панкратовго чек ара бекеттериндеги абал менен жеринен таанышууну улантуу керектигин белгиледи. 

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында министрликтер нөөмөт уюштурду
Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, экономика министри баштаган Бажы кызматы, Салык кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү чек ара өткөрмө пунктарынын абалы менен таанышуу үчүн чыгып кетишти.

Анын жүрүшүндө, кыргыз-казак чек ара аймагында түзүлгөн кырдаалдын жеринен баалап, маселелерди тезинен чечүү боюнча иш алып барылмакчы.

Буга чейин Сариевдин тапшырмасы менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы ачылган соң жаралчу маселелерди токтоосуз чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган шашылыш штаб түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0