Сариев: быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлыгы 50%га жогорулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим окуучулары менен. Архив
Мугалим окуучулары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда башталгыч класстар үчүн 480 сааттык программа иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелери зарыл нерселер менен камсыздалууда.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлө турганын премьер-министр Темир Сариев билим берүү жана илим министрин кабыл алуу учурунда билдирди. 

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: эми бардык бөбөктөр мектепке чейинки даярдыктан өтүшү керек
Министр Элвира Сариева 26-27-августка белгиленген билим берүү кызматкерлеринин III республикалык курултайына өлкө аймактарынан 1000ден ашык мугалим жана мамлекет жетекчилери катышарын белгиледи. 

Сариев быйыл өлкө боюнча 66 жаңы мектеп курулуп бүтөрүн кошумчалады. Анын айтымында, 2016-жылы 100 жаңы мектеп курулуп, 100 мектептин имараты толук оңдоолот. Бул мектептер бардык заманбап шарттарга жооп берип, имарат ашкана, спортзал, даараткана жана ысык суу менен камсыздалат. 

"Быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлүп, билим берүү кызматкерлерине камкордук күчөтүлмөкчү. Мындан сырткары, башталгыч класстардын 480 сааттык программасы иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине зарыл нерселери менен камсыздоо жүргүзүлүүдө. Алдыда өтчү билим берүү кызматкерлеринин республикалык курултайы бул жааттагы сапаттык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууну талкуулоочу аянтча болушу керек", — деди Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев билим берүү жана илим министрине республикалык курултайды талаптагыдай деңгээлде уюштурууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0