Ноябрдын ортосунда төрөлгөн бөбөк кыргызстандыктардын санын 6 миллионго чыгарат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол күйөрмандары. Архив
Кыргызстандын футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкы өсүп жатат. 1-июлга карата калктын саны 5 миллион 955 миң кишини түздү.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 6-миллионунчу кыргызстандык бөбөк ноябрь айынын ортосунда төрөлө турганы жөнүндө маалымат Улуттук статистикалык комитети тараткан билдирүүдө айтылат.

Кыргызстандыктардын саны 15 жылдан кийин жети миллиондон ашат
Маалыматка ылайык, бул тууралуу өлкө президентинин аппаратына маалымат берилген.

Кыргызстандын калкы өсүп жатат. 1-июлга карата калктын саны 5 миллион 955 миң кишини түздү. Январдан июнь айына чейин кыргызстандыктардын саны 60 миң кишиге көбөйгөн.

Негизинен Баткен, Ош облустарында жана Бишкек шаарында төрөлгөндөр көп болгон. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында 79 миң наристе жарык дүйнөгө келсе, ушул эле убакыт аралыгында 17 миң ымыркай чарчап калган.

Кыргызстандын 5 миллионунчу жараны 2002-жылы 27-августта төрөлгөн. Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын тунгуч уулуна ошол убактагы президент Аскар Акаев Тынчтык деген ат койгон.

Өкмөт тарабынан аларга үч бөлмөлүү үй берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0