Сариева: эми бардык бөбөктөр мектепке чейинки даярдыктан өтүшү керек

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМектеп окуучусу. Архив
Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педагогдордун суроолоруна жооп берип жатып, министр Сариева алардын айлыгы кандайча көтөрүлөрүн түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 13-авг — Sputnik. Балдар 5,5-7 жашында сентябрдан май айына дейре мектепке чейинки даярдыктан өтүшү керек. Бул туурасында Билим берүү жана илим министри Талас облусуна жасаган пландуу сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп жатып айтты.

Министр алдын ала даярдоонун максаты — балдарга билим берүү программасынын алкагында болушунча бирдиктүү деңгээлде окутуу экендигин маалымдады. 

Педагогодордун суроолоруна жооп берип жатып, министр Сариева алардын айлыгы кандайча көрүлөрүн түшүндүрүп берди. Андан сырткары, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча пландалган иштер боюнча айтты.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0