Сариева 3 миңден ашуун мектептер менен бала бакчалардын өрт коопсуздугун текшерди

Жазылуу
Мекеме ӨКМ менен биргеликте эки миң 222 мектеп жана 806 бала бакчаны текшерип, анын натыйжасында коопсуздукту сактоо үчүн Мамлекеттик программа иштелип чыкканын белгилейт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги республиканын билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугун көзөмөлдөп жатканын, бирок тике жоопкерчилик Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Мамлекеттик курулуш жана Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын мойнунда экенин Sputnik агенттигине аталган министрлик билдирди.

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдар коопсуздугун камсыздоо бардык министрлик менен ведомстволорго жүктөлдү
Мекеме ӨКМ менен биргеликте эки миң 222 мектеп жана 806 бала бакчаны текшерип, анын натыйжасында коопсуздукту сактоо үчүн Мамлекеттик программа иштелип чыкканын белгилейт.

Июлдун соңунда Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мектеп жана бала бакча имараттарынын 68 пайызы 1990-жылга чейин курулганын маалымдаган. Анын айтымында, бул мезгилде имараттардын 95 пайызына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. 

"Натыйжада эскилиги жеткен имараттар авариялык абалга келген. Ал эми каражат жаңы мектеп курууга жумшалган", — деди министр.

Сариева республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат имараттардын эки пайызын гана камсыздарын белгиледи.

Мамлекеттик программанын кабыл алынышы менен министрлик курулушка гана басым жасабастан, ушул эле каражатка капиталдык оңдоо жүргүзүүнү да пландаштырып жатат.

"Мында "Капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жыл сайын билим берүү мекемелеринин 10 пайызы жаңыланып турмакчы. Капиталдык оңдоо да ошол акчанын эсебинен жүргүзүлөт", — деди чиновник.

Программа 2024-жылга чейин пландаштырылган. Быйыл өкмөт 213 мектепти реконструкциялоо жана куруу милдетин алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0